Күн мурун, саат 22:00дө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Кабарга» Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктан кабарлашты.

Алдын ала маалыматка караганда, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, «КИА» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 киши ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген.

Маркумдардын өздүгү такталууда.