Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Саркарбаевдин баш коргоо чарасы 18-декабрь күнү аталган сотто тандалган. Судья чыгарган чечимге ылайык, ал 16-февралга чейин УКМКнын Ош шаарындагы тергөө абагында болот.
Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен колго түшүрүлгөн болчу.

УКМКнын маалыматына караганда, ал “Дженго” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.

Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров Саркарбаев бүгүн, 21-ноябрда, кызматтан алына турганын, учурда буйрук даярдалып жатканын билдирди.