Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 9 жаштагы өспүрүм кыздын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин 9 жаштагы Асема Шакирова Ташиевге видео кайрылуу жасап, пандемия учурунда апасы иштеген Кемин районундагы Жалил Садыков мектебинде апасына кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облустук башкармалыгына аталган мектепти текшерип чыгууну тапшырды.

Учурда видео кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү чаралар көрүлөрү жана коомчулукка кеңири маалымат берилери айтылды.