Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башка тийиштүү кызматтар менен биргеликте Ош облусунун аймагында COVID-19 илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат.
2020-жылдын 14–декабрынан 20-декабрь күнүнө чейинки убакытта Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана 37 жорук иши катталган. Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен — 86 бети ачылган.
– Уурдоо – 1, Авто каражатын айдай качуу – 2, алдамчылык – 13, жол унаа кырсыгы – 13, бейбаштык – 2, ден соолукка жеңил зыян келтирүү – 7, майда бейбаштык – 9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык – 1, орчунду эмес өлчөмдөгү уурдоо – 2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун мыйзамсыз өндүрүү – 1 жана башкалар – 33.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы