17-декбарда кечки саат 11лер чамасында Казакстандын Шымкент шаарында эркек киши 70 жаштагы пенсионер аялды зордуктоого аракет кылган. Анын айбанчылык аракети көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги видеобайкоого түшүп калган.

Тасмада көрүнүп тургандай, улгайган аял подъездден киргенде артынан дароо эркек киши чуркап келип аны муунтууга алган. Аялдын күчүн алып жерге жыккан соң шымын шыпырып жыныстык катнашка барууга аркет кылган. Бирок ал бир нерседен качкандай өз ишин аткарууга үлгүрбөй калган.

Шымкент полициясы зордуктоого аракет кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн 21-декабрда  брифинг учурунда билдирди.

Кызматкерлер кол салган адамдын өздүгүн тактоо үчүн бир катар чараларды көрүшкөн. Кечээ шектүү колго түшүп, ал 1985-жылы туулган жергиликтүү тургун болуп чыкты. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жабырлануучунун чөнтөгүнөн 8 миң теңгени дагы уурдап кеткендиги аныкталды. Айыптар тагылгандан кийин, ал киши күнөөсүн мойнуна алган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат, эркек киши 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

https://www.youtube.com/watch?v=uzSCPGWSr9s&feature=emb_logo