Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов РФнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы консулу Свистин Роман Викторовичти кабыл алды.

Мында 2 мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык алакалар, инвестиция үчүн жагымдуу климат жана, коопсуздук маселелери талкууланды.

Жарасул Абдураимов Россияга пандемиялык кырдаалдагы, ага чейин да экономикалык колдосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Россиядан билим алгандыгын азыр да ошол электрондук механизмдерди чыгаруу жаатындагы кесиптештери менен тыгыз байланышта экендигин билдирип, ар жылы РФнын техникалык-инженердик багытта 10дон мектеп бүтүрүүчүсүн жогорку окууга тапшыртып, каржылай тургандыгын белгиледи.

Башкы консул Роман Свистин «Жарасул Осмоналиевич, Россия мамлекети Сиздин электрондук механизмдерди чыгаруу тармагындагы Кыргызстанда чыгаан адис экендигиңизди баалайт жана мындан ары да Кыргызстанда өндүрүштү өркүндөтүү жана инвесторлорду тартууда алгылыктуу иш алып барат деп ишенет», – деп билдирди.
Мындан сырткары, Ош облусунун аймагынан РФнын Сибирь аймагына кургатылган жемиш жана жашылча экспорттоо боюнча РФдан чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвесторлорду тартуу тууралуу талкуулашты.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы