Нарын облусунун Кочкор районундагы үйдөн бир аял менен үч кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, окуя 16-декабрь күнү Теңдик айылында болгон. Анда турак үйдөн 38 жаштагы аял жана 11, 9, 7 жаштагы кыздардын сөөктөрү табылган. Бул тууралуу милицияга каза болгон келиндин бир тууганы чалып кабарлаган.

Анын айтымында, эки күндөн бери ал карындашы менен байланыша албай, кийин үйүнө барган. Жерине милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, аял киши менен үч кыздын сөөгүн таап, алардын киши колдуу болбогонун аныктаган. Бир үй-бүлөдөн аялдын 10 жаштагы баласы аман калганы айтылды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, эне-балдар иске ууланып көз жумушкан. Тиешелүү экспертиза дайындалып, азырынча так жыйынтыгы чыга элек. Ал эми аман калган баланын абалы канааттандырарлык деп бааланган», — деп айтылат маалыматта.

Көз жумган келиндин жакындарынын айтымында, маркум жолдошу менен ажырашып, төрт баласы менен жалгыз жашап келген. Төрт адамдын сөөгү 20-декабрь күнү Кара-Мойнок айылында жерге берилди.