Бир заманда бир көзү кылый жана бир буту кыска падыша болуптур. Күндөрдүн биринде ал өз мамлекетинде бүт сүрөтчүлөрдү чакыртып, өзүнүн сүрөтүн денесиндеги кемчиликтерди жашырган абалда тартууну буюрат. Бирок, сүрөтчүлөрдүн бири да буга ыраазы болбойт. Алар өз-ара: «Бир көзү кылый жана бир буту кыска падышанын сүрөтүн кемчиликсиз кылып тартуу мүмкүн эмес, жалганды чагылдырган болобуз, биз мындай ишке бара албайбыз» — деп түрдүү шылтоолор менен ханга айтышыптыр.
Бирок, бир сүрөтчү гана хандын буйругуна ыраазы болуп, бардык сүрөтчүлөрдү таң калтырыптыр.
Чындыгында, ал падышанын кемчиликсиз сүрөтүн өтө таң калаарлык даражада көркөм кылып чагылдырат.
Сүрөттө падыша мылтыгын колуна кармап кийикти мээлеп турган абалда болчу. Мындай учурда албетте мергенчи бир көзүн жумуп, бир бутун бүгүп, тизелеген абалда жерде отурган болот. Чебер сүрөтчү сүрөттө падышанын кылый көзүн жана чолок бутун мына ушул жол менен жашыра алат. Башка кесиптештери анын мындай чеберчилигине жана зиректигине алкыштарды айтышты. Анткени, ал адамдарга айыптоо көзү менен эмес, «оң» көз менен карап, аны сүрөттө кемчиликсиз чагылдыра алды.
Биздин айланабызда да адамдардын кээ бир кемчиликтери көзгө урунуусу мүмкүн. Бирок, биз алар жөнүндө сүйлөгөнүбүздө кемчиликтерди жашырып, жакшы жака жоруу, жакшы пикир жүргүзүүбүз зарыл. Себеби, инсан катадан алыс эмес. Андан сырткары, адамдардын кээ бир жасап жаткан иштерине сын көз менен кароодо анын акыйкатын билбей туруп, сыртынан баа берүү аркылуу орунсуз айыптап, акырында өкүнүп калуубуз мүмкүн.
Интернет булактарынан алынды.