Болот Шамшиев каза болгондон кийин, анын артынан бүтүндөй бир доор кеткендей болду. Кыргыз элинин жүрөгү эңшерилип, анын каза болушу – кыргыз киносу, кыргыз маданияты жана бүтүндөй кыргыз калкы үчүн орду толгус жоготуу болду.
Мындан туура бир жыл мурун, 2019-жылы 21-декабрда дүйнөгө белгилүү кыргыз кинорежиссёру, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, «Манас» ордендеринин кавалери, дагы башка көптөгөн ата мекендик жана чет элдик сыйлыктардын лауреаты, чыныгы кыргыз патриоту, «Кыргыз кинематографиялык кереметинин» авторлорунун бири, кыргыз элинин чыгаан уулу Болотбек Шамшиев, 78 жаш курагында дүйнө салган.
 
Болот Шамшиевдин эмгектери «Кыргыз кинематографиясынын керемети» доорунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Болот Шамшиев, режиссердук таланты менен заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштырып, ага жаңы жашоо берди. Ал жараткан «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмалары кыргыз жана совет киносунун чыныгы шедеврлери болуп калды. Залкар инсаныбыз өзүнүн кайталангыс режиссердук чеберчилиги менен 20-кылымдын кино классиги катары тарыхта калды.
Болот Шамшиевдин чыгармачылык жашоосу Казакстан менен да тыгыз байланышта болгон. 1968-жылы Мухтар Ауэзовдун «Караш ашуусундагы атышуу» чыгармасын экрандаштыруу сыяктуу татаал милдетти колго алып, мыкты жыйынтык көрсөтө алды. Бул тасма казак кино көрүүчүлөрү арасында кеңири таанылды. Ал эми «Казакфильм» киностудиясында Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө тартылган «Мергендер» тасмасы казак киносунун алтын фондусуна кирди.
Болот Шамшиев кыргыз элинин тарыхын, айрыкча улуу «Манас» эпосун изилдөөгө көп эмгек жумшаган. Ал «Манас» эпосун эпикалык чыгарма гана эмес, кыргыз элинин ыйык феномени, дүйнө таанымыбыздын башаты катары көргөн. Анын алгачкы илимий-популярдуу тасмасы (дипломдук иши) «Манас» эпосуна арналган. «Манасчы» тасмасы Болот Шамшиевдин алгачкы эмгеги болгонуна карабай, бул тасма Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алган.
1995-жылы, мамлекет тарабынан «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата уюштурулган масштабдуу эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын башкы режиссеру болгон. Кыргызстандын “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгесин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы колдоп, аны дүйнө жүзү боюнча өткөрүү резолюциясы кабыл алынган. Улуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан.
Болот Шамшиев мыкты кинорежиссер гана эмес, ошондой эле көптөгөн актерлордогу талантты байкай билген, алардын потенциалын ачууга жардам берген, алысты көрө билген лидер болгон. Сабира Күмүшалиеваны театрдан кино дүйнөсүнө алып келген жана Сүймөнкул Чокморовду актёр катары коомчулукка таныткан Болот Шамшиев болгон. Кийинчерээк чоң кинонун жаркыраган жылдыздарына айланган Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиевдин кино дүйнөсүнө келишине чоң салым кошкон.
Болот Шамшиев көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, элчи жана Туризм жана спорт агенттигинин жетекчиси катары иштеп, мамлекеттик кызматка да өз салымын кошкон.
Болот Шамшиев муну менен гана чектелбей улуттук «Көк-Бөрү» оюнунун өнүгүшүнө да эбегейсиз чоң салым кошкон. Тактап айтканда «Көк-Бөрү» оюнунунун эрежелерин Болот Шамшиев жазган. Оюнда тай казан орнотуу (оюн үчүн дарбаза), аянттын көлөмү, ар бир командадагы катышуучулардын саны сыяктуу «Көк-Бөрү» оюунунун эрежелерин Болот Шамшиев киргизген. Дээрлик 25 жылдан бери дал ушул эрежелер менен «Көк-Бөрү» оюну ойнолуп келе жатат.
Жогоруда көрүлгөндөй Болот Шамшиев кыргыз эли үчүн опол тоодой кызмат кылып кетти. Болот Шамшиев эми биздин арабызда жок, бирок анын жаркын элеси, эли үчүн жасаган эмгектери күйөрмандарынын жана бүтүндөй мекендештерибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Болот Шамшиев – өзүнүнүн чыгармачылыгы жана талыкпаган эмгеги менен бул жашоого түбөлүктүү эстелик орнотуп кетти!
Болот атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Залкар инсанды жараткан өзү ыракматына алсын!
Булак: Kereez.kg