Менин боз торгоюм (аңгеме)

813

Ар кандай ойлорду ойлоп кой четинде олтурам. Бир убакта эле үстүмдөн билинер-билинбес шуулдаган добуш чыгып жатты. Антип-минтип караганымча болбой, бир кыргый бир кичинекей боз немени качырып кирип келип эле, туурамдагы чийдин түбүнө бырпыратып басып калды. Койлор үркүп кетти. Тамаша эми башталмак болду ээ. Мен шашыла өйдө тура калып, килейген чопо менен чийди уруп жибердим. Кыргый калдаңдап уча качты. Чуркап бардым. Чийдин түбүнө бир торгой чөпкө башын катып, жер менен жер болуп бөгүп калыптыр. Жүрөгүм эмнегедир коркконсуп, денем дүрүлдөп кетти. Акырын шапкем менен басып калдым. Бутунан кармасам тимеле жанталашып жулунат. Алда байкуш ая! Оң мүрүсүнөн кан чыга түшүптүр. Торгойго боорум ачып, чын дилимден аяп турдум. Торгой улам-улам канатын сабап жулкунуп, колумдан чыгып кетүүгө аракеттенип жатты. Шайы аябай ооптур. Оозун ачып акактайт. Мени улам жалт-жалт карап: “коё бер, коё берегөр” деп жалбара суранып жаткандай.

Ойлобогон жерден эле түйшүккө түшүп калдым. Эми мунун айласы эмне болот? Коё берсемби? Коё бергенде өлүп калат го байкуш. Карачы, денеси канталап эч бир дарманы калбаптыр. Ушул жарадар жаны менен кантип тамак таап жейт. Убал, же уча албаса, эми эле дагы бир немеси көрүп, илип кетпейби. Таранчы болгондо кеп башка эле. Ал шүмшүккө убал жок эмеспи.

Бир күнү атам тоодон келип, таруунун баарын жедиресиң деп аябай уруп…. Ошондон кийин таранчыларды аябай жек көрүп калдым. Көрсөм эле жиним келет. Эгер азыр колумдагы таранчы болгондо ташка чаап алмакмын. Бирок бул торгой. Бул кургурдун тагдырына көз жумдулук кылууга дитиң кантип чыдайт. Торгой адамдын татынакай ырчысы го. Өзгөчө мунун жазгы таңда те көз жеткис бийиктикке тепкедей болуп чыгып алып, чулдурап сайраган мукам обонун кимдер тамшанып укпайт дейсиң. Торгойду өзүм да жакшы көрөм. Кээде кой кайтарып баратканымда: “Торгой ыйык болот, жумурткасын көрсөң жарбай жүр” – деп апам да эскертип калат. Кичинекейимде ар дайым эртең менен боз үйдүн түбүндөгү атамдын ээринин үстүнө шымы жок жалаң көйнөкчөн олтуруп алып, торгойлордун чурулдап сайраганын тыңшачумун. Күн көздү уялтып маңдайымда жадырап тийип турчу. Ошондо торгойдун үнү мага баканын чардаганындай жөнөкөй эле бир арзыбас нерсе катары туюла турган. Бирок ушул жөнөкөй добуштун ары тереңинде адам оңойлук менен түшүнө койбогон кандайдыр бир жүрөккө жагымдуу бирдеме бардай сезилер эле. Кийинчерээк мен ошол бирдемеге түшүнүп, торгойлордун ырынан ыракат ала баштадым. Торгойду жакындан көрсөм деп эңсечүмүн. Кээде чөптөрдүн арасында жөрмөлөп жүргөнүн көрчүмүн. Төбөсүндөгү үрпөйгөн топусун көрүп, кызыгар элем. Алаканыма кондуруп алып сайраткым келчү. Азыр ошол көңүлүмдө аздектеп жакшы көргөн, жылдызы жарык кичинекей чымчыктын капысынан эле колумда болуп калганына бир чети сүйүнүч басып турду. Ошондой эле торгойдун жарадар абалы көңүлүмдү тынчсыздандырып да жатты.

Түштө келсем торгойдун арпадан жеген-жебегени билинбейт. Апам астына кичинекей пияланы көмкөрүп, түбүнө суу куюп коюптур. Балким бул арпа жебес деп ойлодум. Апамдан торгой эмне жейт деп сурасам, “таң” деп койду. Мен арпанын үстүнө кошуп дагы таруу, майда акшак, анан кум-таш аралашкан буудай да чачтым Бирок торгой көңүл бурбады. Түпсүз санаага чөккөндөй, эки жагын жалдырап карап коюп, муңдуу олтура берди. Айлам кетти. Кечинде кечээгидей кылып, калпакты үстүнө көмкөрүп койдум. Ошентип убакыт билинбей жыла баштады. Үч күн өттү. Бул арада торгойдун жем жегенин көрбөдүм. Же мен жокто жеп тоюп алабы, билбейм. Айтор, үрпөйүп эле олтурат. Торгойдун бул үлдүрөгөн кайгылуу кейпи менде үмүтсүздүктү пайда кылат. Айыгарына күмөн санайм. Кээде кайгырып: Мейли, өлсө өлүп калсын, мени бирөө соттомок беле, – деп кол шилтеп салам. Бирок буга көңүлүмдүн тереңинде макул эмесмин. Негедир эле торгойдун айыгып учуп кетишин тилей берем. Адамдардын бардыгы жакшы көргөн бул сүйкүмдүү чымчыкка жардам кылсам дейм. Анын жаратынан таза айыгып, асманда учуп жүргөнүн көргүм келет.

Торгой айыга баштады. Мен ага жан-дилим менен камкордук көрүп, өзүмчө эле күдүңдөп териме батпай жүрөм. Мен торгойдун канатына дары сүйкөгөн деле жокмун. Жөн гана жем, суудан өксү кылбай, асты-үстүн жылуулап үстүнө үйрүлөм. Торгойдун жарадар канаты бара-бара ийкемге келип, жандана баштады. Арадан жыйырма чакты күн өткөндөн кийин торгой таза айыкты. Эми ал шок. Жакындасаң жүктүн бурчунда бырылдап учуп турат. Бутундагы жип болбосо түңдүктөн учуп чыгып кетүүчүдөй.

Кызык… Башта торгой эптеп айыкса эле дароо учуруп жиберем, – деп жүрчү элем. Эми негедир коё бергим келбей калды. Үйдө олтурушуна сонуркайм. Жанымда сайратып алып жүргүм келет. Бирок торгой алаканыма олтуруп эч качан сайрап бербейт да. Мунусу кандай кайгы! Торгой те бийикте, эркин учуп жүрүп сайраганды жакшы көрөт тура. Анын үстүнө бул баары бир азыр сайрабайт. Атам: “Күзүндө торгойлордун тили катат” – деп жүрбөйбү. Мунун да тили катты да.

*****

Бирок…

Мен туура эмес кылдым! Ошондо эле кое берип жиберсем эмне!

Балакет басып…

Ал окуя мындайча болду:

Дем алыш болчу. Апам кыштакка кеткен. Кечинде кой кайтарып келсем, бөбөгүм торгойду жибинен сүйрөп короонун ичинде каткырып жүгүрүп жүрөт. Жаным чыгып кетти, чуркап барып Эсенди жаакка чуу тартып жиберип, торгойду жерден ала койдум. Эсен долулана бакырды. Аңгыча атам ары жактан жаалдана жүгүрүп келип, колундагы камчысы менен мени такымга тартып-тартып жибергени. Чыңырдым. Жата калып жаш балача жер тепкиледим. Үнүм чыкпай апамчылап:

–Өлтүрдү!…Өлтүрдү!… дей бердим.

Чай ичип олтурабыз. Апам менен атам бир-бирине кыргый кабак болуп унчугушпайт. Мен да атамды коркутуп тултуям. Торгой алдымда оозун ачып талып жатты. Сууга да салыптыр. Ай жаш-шабагыр-р!

–Эми чоңоюп калган балага тийбей эле койбойсуңбу, – деди бир маалда апам атамды жаман көзү менен карап. Атам унчуккан жок. Мен апамдын бул сөзүнө эреркеп кеттим. Буркурап ыйлап ийдим. Аңгыча апам капааттана жанында жөн эле олтурган Эсенди жаактан ары чаап калды.

–Э өлүгүңдү көрөйүн! Колунун туткагын кантейин.

–Болду эми! – Атам мага бакырды.

–Э оюлуп кеткенсиген кудай албагыр. Ушу сен киши болсоң анан… Тиги өзүңдөн бир жаш кичүү Чопкуттун Кайнарбегин карачы. Тимеле чоң киши…

Мен торгойду койнума катып ыйлаган бойдон эшикке чыгып кеттим. Үйдүн аркасына туруп алып буркурап ыйлай бердим. Атамдын торгойду кыйнап сүйрөп жүргөнүн көрүп туруп, Эсенди кой деп койбогонуна жаным күйөт. Кайра уруп атпайбы. Деги адамдар айбан макулуктарга карата өзүмчүл, адилетсиз келишет – дейм мен, бышактап ыйлап атып.

Кичинекейимде апам айтчу “Асан кайгы” деген жомок эсиме түшөт. Асан кайгы укмуштай боорукер болуп жаралыптыр. Ал макулуктарды чын дилинен аячу экен.

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен – деп өзүнчө эле убайым жеп, толгоно берчү экен. Атаганат! Кишилердин бардыгы тең ошол Асан кайгыдай болсо кана…

Атамдар кыштоого көчүп, мен торгоюм менен жакада калдым. Байкемдин темир-тезек салган үкөгүн бошотуп, керебеттин астына коюп, торгойду ошого жайгаштырдым. Өзүмчө эле үкөктү үйгө кийрип, торгой деп алакеттенип жүргөнүмдү жеңем жактырбай жүрдү. Өзүнчө эле мага бирдеме деп күңкүлдөй берет. Чоңойгонун билбей чымчык менен ойнойт дейт окшойт. А байкем болсо эчтеке дебейт. Эртең менен конторго кетип, кечке чейин ошоякта жүрөт. Менин ойлогонум эле торгой. Жазга аман-эсен жетсе экен деп, өзүмчө эле санааркап бушайман боло берем.  Байкасам торгойдун чүнчүгөн деле түрү жок. Бирок негедир  мурунку асманда эркин учуп жүргөндөгүсүндөй эмес, жүдөңкү. Алда эмнени сагынгандай көздөрүн жалдыратып үкөктүн ичинде үрпөйүп олтурат. Бир күнү өлүп калабы деп корком. Анын үстүнө бир топтон бери менин тынчымды бир нерсе алып жүрөт. Ал мышык. Үйдөгү чоң карала мышык күнүгө эле торгойду аңдып калчу болду. Былтыр кышында анын бастырманын шыптарында отурган таранчыларды акырын аңдып барып, басып калганын көрчүмүн. Торгойду да бир күнү ошентип жеп коёбу деп эсим чыгат.

Акыры мен зарыгып күткөн жаз да келди. Кар кетер замат эле талааларга байчечекейлер жайнап, айлана сулуу кыздай сопсонун болуп калды. Мен торгойдун аман-эсен жазды көргөнүнө кубанып, өзүмчө эле көчөлөрдө дардаңдап жүгүрүп жүрөм. Эми торгоюмду коё берем! Анын тээ бийик асманда жаш балача чулдурап сайрап жатканын көрөм. Э-эх!…

Бир күнү ак көрпө жайыл болуп, торгоюмду талаага алып чыктым. Алаканыма кондуруп туруп топусунан акырын бир өптүм да, учуруп жибердим. Торгой жер менен жер болуп учуп барып, суунун аркы өйүзүндөгү аңызга конуп калды. Мен аны кайра учат го, асманга чыгып алып безеленип сайрайт го деп үмүтүм жалындап күтүп турдум. Бирок ал аңызга конгон бойдон дымы чыкпай жок болду. Эмнегедир шаабайым сууй түштү. Кап! Коё бербей эле койбой, – деп өкүндүм. Ичим ачышты….

–Мейли, – дедим кайра. – Кантсин! Кетсин мекенине байкуш.

Эртеси эртең менен ойгонсом асманга торгойлор толуп кетиптир. Асман чаңкайып көпкөк. Карасам, биздин үйдүн төбөсүндө бир торгой безеленип сайрап жатат. Мен эреркей түштүм.

–Менин торгоюм! – деп тыбырчылап жибердим. Сүйүнгөнүмө чыдабай үйгө чуркап кирип, жеңеми шаштырып эшикке ээрчитип чыктым.

–Жеңе, тигинекей! Тигине, менин торгоюм! Сайрап жатат, карасаң.

–Кана? – жеңем шашкалактап асманды карады.

–Тигине, мобу теректин учун карасаң.

–Көрүнбөйт го?

–Омой, сокурсуң го, тиги эмне!

Аңгыча жеңем капысынан эле өңүн бузуп, мени жутуп ийчүдөй шакыя карап калды.

–Ким сокур?!

–Омой…

Советбек Байгазиев, жазуучу