Диетолог Светлана Фус тамактануу рационуна брокколи кошууну сунуштап, анын артыкчылыгын жана кайсы оорулардан сактай турганын айтып берген. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Медиктин айтымында, брокколиде калорий аз жана ал пайдалуу заттарга бай. Эгер тез-тезден жеп турса, ал ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат.

«Бул жашылчанын курамында В9 витамини (фолий кычкылы), С витамини жана бета-каротин бар. Мындан сырткары, брокколи ичти катырбай, ичеги-карындын иштөөсүн жеңилдетет. Ошондой эле онкология ооруларынан да коргойт», — деп белгилеген адис.

Фус брокколини жана капустанын башка түрлөрүн калкан безинен жабыркап жүргөндөргө сунуштаган эмес.

Адис аталган жашылчаны чала бышырып жеш керектигин айтып, мындай учурда ал ашыкча салмактан арылтып, жаштыкты узартып, ден соолукту чыңдоого жардам бере турганын кошумчалаган.