Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 23,7 тонна кийим жана башка колдонулган буюмдарды экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматта буюмдарга эмнелер кирери көрсөтүлгөн эмес. Товардын жалпы баасы 18,4 миң долларга бааланды.

Эски кийимдер менен буюмдар кайсы өлкөлөргө сатылган:

  • Бельгия — 0,7;
  • Канада — 2,1;
  • Казакстан — 0,1;
  • Түштүк Корея — 0,1;
  • Литва — 1;
  • Пакистан — 0,1;
  • Россия — 18;
  • Швейцария — 0,3;
  • Улуу Британия — 0,3;
  • АКШ — 0,7;
  • Өзбекстан — 0,3.

Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 9,6 тонна буюм 19,1 миң долларга сатылган.