Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде алты автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Унаанын ачкычын тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.


Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, “Ушул жылдын 5,6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз.
Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек. Келе жаткан майрымыңыздар менен, урматтуу милиция кызматкерлери! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалабыз. Сиздердин жогорку кесипкөйлүүгүңүздөр, билимиңиздер жана Мекенге болгон ак кызматыңыздар Кыргызстандын эли үчүн кызмат кыла беришине тилектешпиз”, — деп сөз сүйлөдү.
Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшаарын баса белгиледи. Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет. Сиздердин берген жардамыңар коомдук тартипти камсыздоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө бизге жардам берет деп баса белгиледи министр.

ИИМдин Басма сөз кызматы