Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү оор баңгизаттарды Тажикстандан Кыргызстанга алынып келген кезектеги каналга бөгөт коюшту.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, жакында Ош облусунун Нариман айылынан 1970-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы автоунаа токтотулган.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери кармоо жана кароо жүргүзүү учурунда, сатууга арналган афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын партиясын табышкан.
Унаага кароо жүргүзүүдө анын отургучунун астынан 5 даана таңгакталган, уксус ангидрид өзгөчө жыттанган зат табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, аталган зат жалпы салмагы 5 килограмм 178 граммды түзгөн “героин” баңгизаты экендиги аныкталды.
Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы