Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган кеминдик кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Ташиевдин тапшырмасы менен УКМКнын кызматкерлери Кеминге барып, 9 жаштагы А. Шакированын үй-бүлөсүндө 5 адам болгонун жана алар материалдык жардамга муктаж экендигин аныкташкан.

УКМКнын төрагасы Ташиевдин атынан кичинекей кыздын үй-бүлөсүнө тамак-аш, жаңы жылдык белектер жана балдар үчүн канцелярдык товарлар түрүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Шакированын видео аркылуу кайрылуусу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында тийиштүү баа берилет.

Эскерте кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кемин районунун 9 жаштагы тургуну №1 орто мектептин администрациясы анын апасын кордошконун айтып, териштирүү жүргүзүүнү суранган.

Мындан улам Нарын облусунун Кемин райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү иштери башталган.