Ош шаарында тез курулуучу контейнерлерден курулган жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө оорукана толук кандуу иштеп баштады.

Акматова кошумчалагандай, Россия Федерациясы менен эки жактуу келишиминдин негизинде, Кыргызстан мобилдик лаборатория алуу боюнча сертификатка ээ болду.

«Бул лабораториялар алыскы региондордо коронавирусту аныктоо үчүн колдонулуп жатат. Ошондой эле илдет менен күрөшүү максатында, региондордогу санэпидстанцияларына 19 санитардык автотранспорт берилген», — деп маалымдады ал.