Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

“Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди”,- деген Төрөбаев.