2020-жылдын 22-декабрь күнү КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин  Билим берүү уюмдарынын жетекчилик курамды даярдоо боюнча  Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны онлайн режиминде  болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариэл Абитов, начальниктин орун басары, юридика илимдеринин доктору   Арзыгүл Джоробекова катышты. Бул тууралуу, ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын “Ассоциация жөнүндө жобонун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” сунушун карап чыгышып, бир добуштан колдоп беришти. Мындан тышкары, алар «Эл аралык социалдык-укуктук изилдөөлөр боюнча илимий лаборатория жөнүндө» жобонун долбоорун, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин ортосунда илимий маалыматтарды, басылмаларды жана башка илимий материалдарды алмашуу боюнча ишти активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу идеялары укук коргоо органдарынын мындан ары туруктуу өнүгүүсүнүн эң маанилүү талабы болуп жаткандыгын белгилешти. Андан сырткары, Ассоциациянын алкагында мындан аркы кызматташтыктын негизги маселелери боюнча пикир алмашуу жана позициясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги  үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.