Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына “Т.Б.” аттуу жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн.

Ушул жылдын 21-декабрында Финполдун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү “Р.Б.” кармалды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.