Буга чейин ММКларда Феликс Куловду Чехиянын Карловы Вары шаарында кымбат балуу мейманканын ээлик кылары тууралуу жазышкан. Кулов бул маалыматка өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.

«Элибизде мындай учурларда «Болсун!» деп коюшат. Ошондой болсо, аны аныктап чыккан каалаган адамга мейманкананы өткөрүп берет элем. Менде качандыр бир кезде ушундай нерсе болот деп үмүттөнөм. Чакан эки бөлмөлүү батир тууралуу айтсам, анын баасы Бишкектеги баалардан жогору эмес, аны экинчи аялым эжеси менен кошо сатып алышкан. Маалымат үчүн, менин экинчи аялым жана эжеси жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жеке бизнес менен алектенишет. Алар биз жолукканга чейин менин партиямдын мүчөлөрү болушкан. Алар эч качан партиянын жетекчи органдарынын мүчөсү болушкан эмес жана мамлекеттик кызматта дагы иштеген эмес. Менин башка туугандарым да партиянын жетектөөчү органдарынын мүчөсү болбогондой эле, алардын эч кимиси кээ бирөөлөргө окшоп мамлекеттик кызматка келген эмес», — дейт Кулов.