Жаңы — жылда кыргызстандыктар  үч күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен  билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар 1-январь – майрам күнү эс алышат, бул күн жума күнүнө туура келет. Андан кийин 2-3-январда – ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күн катарында эс алышат.

4-6-январь кайрадан иш күнү. 7-январь — майрам күнү болуп саналат, ал эми 8-январь – кайрадан иш күнү.