Өлкөнүн 6 спортчусуна «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү спортчуларга «спорт чебери» наамы ыйгарылды:

  1. Алина Каныбекова, белбоо күрөшү;
    2. Екатерина Геттуева, фехтование;
    3. Рамазан Омаров, сууда сүзүү;
    4. Бакир Эркинбеков, спорттук самбо;
    5. Акынбек Таалайбеков, спорттук самбо;
    6. Фурхат Сайтазимов, грек-рим күрөшү.