Бүгүн 22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбек Республикасынын колдоосу менен курулган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын салтанаттуу ачылуу аземи болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров катышып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевге жана жалпы өзбек элине, Баткен элинин атынан ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгиледи.

Ал эми Өзбек Республикасынан Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келип, оорукананы Баткен элине салтанаттуу тапшырышты.

 

Оорукананын ачылуу аземине КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери да катышып, кооптуу илдет менен күрөшүүдө түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен курулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта курулуп бүтүп, толугу менен Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланды.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.