Баткен шаардык кенешинин сессиясында 21-декабрда Баткен шаарынын башкы планы бекитилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын башкы планы өкмөттүн № 490 токтомуна ылайык, 2018-жылдын Баткен шаардык мэриясы жана Мамкурулуштун мамлекеттик долбоорлоо институтун ортосунда келишим түзүлүп, ал эми 2020-жылдын декабрь айында аткарылып бүткөрүлдү.