ИИМдин ыкчам кызматкерлери менен УКМК Бишкектин жашоочусунан 380 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармашты.

Ушул жылдын декабрь айында азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган. Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп коркутуп, 380 000 сом акча каражатып талап кылган. Ал К.В. аттуу жаранга шилтеме берген. Аткени бир аз убакыт мурда С.А. андан акча каражатын карызга алгандыгы белгилүү болгон. Андан соң, кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутуулары уланткан.

Аталган факты “Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган опузалап талап кылуу” беренси менен катталган.

Ыкчам алдын алуу иш-чаралары ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте 100 000 миң өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кылмыштуу топ кармалды. Шектүүлөр Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туурган Ц.Р. аттуу тургуну болушат. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Бул кылмыш ишинин бардык жагдайын тактоо үчүн мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат.