Ата Мекенге, элине кызмат өтөө канчалык абройлуу жана сыймыктуу милдет экендигин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн ар бир милиционер жакшы түшүнөт. Жолдоштору менен кошо өлкөнүн аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту, элинин бейпил жашоосун камсыздап кынтыксыз кызмат өтөп жүргөндөр бул-тартип сакчыларыбыз десек жаңылышпайбыз. Алардын бири милициянын старшинасы Салават уулу Адилет.

Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын милиционери. Ысык-Көл облусунун кулуну. Учурда үй-бүлөлүү. Милицияда кызмат өтөгөнүнө 5 жылдын жүзү болгонуна карабастан өз ишин мыкты өздөштүрүп, кызматын так аткарып, келечекте көптү үмүттөндүргөн кызматкерлердин катарын толуктап келет.

“Ички иштер органдарында иштөө, анын ичинен өзгөчө ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда кызмат өтөө баарынын гана колунан келе бербейт. Анткени, атайын багыттагы полкто физикалык жактан даярдыгы мыкты, моралдык жана психологиялык жактан туруктуу, күн-түн дебей кызматта болууга даяр, чыдамкай, өжөр адамдар гана иштей алат. Бул үчүн бул кызматты сүйүп, алдыда күтүп жаткан чоң жоопкерчиликти жана түйшүктү сезе билүү керек”, — дейт каарманым Адилет.

Салават уулу Адилет Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балалыгы өтүп, жаштын тилегин берет дегендей милиция кызматкери болоорун ошондо эле чечип койгон. Жогорку окуу жайды аяктаган соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда кызмат өтөөгө киришип, балалыгындагы кыялын ишке ашырган. “Мен милицияда иштегениме сыймыктанам. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, милицияда кызмат өтөп, бүт өмүрүмдү элиме ак кызмат кылууга арнасам дейм”, — дейт Адилет мырза.

Маектешим учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында сырттан окуу факультетинде окуп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы