Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөт.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, шайлоо участкалардагы комиссияларга көмөк көрсөтүү үчүн, материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык режимди сактоо маселелери боюнча ыкчам жооп кайтаруу үчүн шаардык штаб жана акимиаттардын базасында колл-борборлор түзүлдү.

«Ошондой эле шаардагы шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болгондор үчүн атайын колл-борборлор ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Шаардык ыкчам штаб: 97-91-95 (1065), 0(312) 613935 Биринчи май району: 0(312) 621156; Ленин району: 0(312) 656902, 656903; Октябрь району: 0(312) 576650; Свердлов району: 0(312) 360120.