КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) жана «парламенттик республика» үгүт топторун каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.

БШКнын расмий сайтында маалымдалгандай, 2020-жылдын 18-декабрында БШКга «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобу арыз менен кайрылды.

Жетекчиси – Шабдан уулу Чынарбек.

Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси:

— Шабдан уулу Чынарбек (жетекчи)

— Абадбек уулу Сагындык

— Жаныбаев Урмат Тимурович

— Жекшеев Азият Жыпарович

— Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович

— Казакбаев Урматбек Абдыбекович

— Курманкожоев Султанбек Садырович

— Мукамбетов Таалайбек Байышбекович

— Рахманов Бексултан Элчибекович

— Сыдыгалиева Нурайым Жаныбековна.

Ошондой эле 2020-жылдын 16-декабрында Боршайкомго «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобу арыз менен кайрылды. Жетекчиси – Бекешев Дастан Далабайевич, курамында 13 киши бар:

— Бекешев Дастан Далабайевич (жетекчи)

— Алагөз уулу Азамат

— Асанбек уулу Адилет

— Довлотов Бектур Сейитбекович

— Калдыбек кызы Батма

— Насыкулов Урмат Омургазиевич

— Рычкова Анна Петровна

— Сайтбурхан кызы Перизат

— Талантбек уулу Азамат

— Турарбеков Насип Турарбекович

— Турдубеков Улукбек Бактыбекович

— Шаршенова Айзада Туратбековна

— Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович.