“Мамлекеттик башкаруу системасына кадрлар партиялык тизме же жеке берилгендик принциби боюнча эмес, иш билгилик жана этикалык принциптер боюнча тандалууга тийиш, мындай болбогон учурда ар кандай прогрессивдүү идеялар четке кагылат, же бурмаланат же таптакыр кабыл алынбайт”.

Бул туурасында Кыргыз РеспубликасынынПрезиденттигине талапкер Садыр Жапаровдуншайлоо алдындагы “Келечекке кызмат”) платоформасында айтылган.

Садыр Жапаров белгилегендей, кечээки жакынкы мезгилге чейин эле 1200гө жакын кызматка адамдардын сынактан кыйгап өтүп дайындалып келгени коррупцияга жагымдуу шарт түзүп берген.

“Биз бул процесстерге кыска убакыт ичинде бөгөт коё алдык, бирок буга системалуу чечимдер керек”, — дейт Садыр Жапаров. 

Бул максатта Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү ишке ашырууга ниеттенет:

1. Министрликтердин жана мекемелердин санын натыйжалуу азчылыкка чейин оптималдаштыруу. Адамдардын алган билими жана тажрийбасы сөзсүз ээлеген кызматына шайкеш келүүгө тийиш.

  1. Люстрация жүргүзүү. Мында люстрация – бул жакпай калгандарды куугунтукоо эмес, кысымга алуу же өч алуу эмес. Бул жаңылануу аркылуу тазалануу. Кызмат бедели булганган чиновниктер бошотулууга тийиш.
  2. 5 жыл ичинде укук коргоо органдарынын жеке курамын 50%га жаңылоо милдети турат.
  3. Мамлекеттик кадр кызматы люстрациялык иш-чаралардын негизги жүргүзүүчүсү болот.
  4. Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлүп жаткан бюрократиялк жасалма тосмолор менен аёосуз күрөштү улантуу. Мамлекеттик тейлөөлөрдү ишкерлердин жана жарандардын кызыкчылыгында оптималдаштырып, бул шарттарды Салык кодексинде жана башка укуктук-ченемдик актыларда бекитүү.
  5. Мамлекеттик тейлөөлөрдү тереңсанариптештирүүнү камсыз кылуу. Ишкер же башка ар бир жаран ар кандай мамлекеттик орган менен чиновниктерин эшигин жыртпай, аралыктан туруп, онлайн түрүндө байланышуусу керек. Бул да коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат.
  6. Министрликтердеги жана мекемелердеги уруксат берүү принцибинин ордуна билдирүү принцибинин практикасын кеңейтүү зарыл.

Ал өзгөртүүлөр бардык мамлекеттик түзүмдөрдө жана башкаруу системасында боло турганын кошумчалады.

“Кадр системасын реформалоону создуктурууга болбойт”, — деди Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик башкаруу системасына иш билги адамдар келиши керек экенин баса белгиледи. “Алар менин саясий көз караштарымды жактырабы, жокпу, мааниси жок. Башкысы алар иштеши керек. Иштегенде да сапаттуу, натыйжалуу иштегенди билүүгө тийиш.  Президенттик шайлоодон кийин мамлекеттин жаңы башчысы жаңы команда топтойт. Кыргызстандатажрийбасы мол кесипкөйлөр, таланттуу жаштар четтен чыгат. Бирок саясий оюндардан, негизги кызматтарга тууган-уруктар, достор, достордун туугандары дайындалып жаткандыктан, анан калса, кызматтар кадимкидей сатылып жаткандан улам чыныгы иш билги адамдар четке чыгып калышкан. Ошондуктан биз аларга шарт түзүп берип, мамлекеттик кызматтарга дайындоонун ачык сынактык системасын камсыз кылабыз”, — дедиСадыр Жапаров.

БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРСИЗДИГИН ЖОЁБУЗ!

САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: «Kadam-media.kg» маалыматтык агенттиги; дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек ш., Гоголь 3-79. 

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы 1. 2020-жылдын 23-декабры даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).