Чет өлкөлөрдөгү 39 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тизмесине кирүү үчүн эң көп арыз Москва шаарынан түштү.

“Миграция кызматынын демилгеси менен Москвада кошумча эки шайлоо тилке, Тюмень шаарында бир тилке ачылды. Ошондой эле чет өлкөлөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн БШК, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана Миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ түзүлдү», — дейт ал.

Шайлдабекова чет жерлерде жалпы 48 шайлоо тилкеси ачылганын айтат.