Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 23-декабрда жыйын өткөрүп жатат. Анын алкагында вице-спикер кызматына талапкер көрсөтүү маселеси каралды.

Фракция 2 талапкерди — Сайдулла Нышанов менен Нурбек Сыдыгалиевди ылайыктап, бир талапкерге токтолуу үчүн ич ара талкуу жүргүзүп жатышат.

Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») отставкага кеткенден кийин бул кызматка анын фракциялаштары Улан Исмаиловду талапкер кылып көрсөткөн болчу.

Булак: Баракелде сайты