«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын 1-январынан тарта акы төлөнүүчү кызматтардын баасын орто эсеп менен 34 пайызга төмөндөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Буга чейин Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Унаадагы» тарифтер төмөндөгөнүн кабарлаган. Ошондой эле мекеме мыйзамдарды бузгандыгы үчүн агенттик алардан 130 миллион сом төлөттүрүп алмай болгон.

Кызмат көрсөтүүлөр:

  • Автотранспорт каражатын кароо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, тейлеген бөлүмдүн аймагында орнотуу жана жабдуу;
  • Автотранспорт каражатын кароо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, жерине баруу менен орнотуу жана жабдуу;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, түзүлүштөр жана жабдуулар боюнча электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү;
  • Машиналарды мамлекеттик каттоо белгилери менен камсыздоо;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды мамлекеттик каттоо белгилери менен камсыздоо;
  • Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга менчик укугун каттоо (кайра каттоо);
  • Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү жана каттоо;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү жана каттоо;
  • Транспорттук каражаттар жана айдоочунун күбөлүгү тууралуу маалыматты берүү.

Учурдагы прейскурант 2019-жылдын май айында бекитилген болчу.