Буга чейин Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп эркек киши изделип жатканы кабарланган.  ӨКМнын маалымат кызматынан маркумдун жансыз денеси табылганын кабарлашты.

«22-декабрь күнү саат 10:40та “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1983-жылы туулган М.З. аттуу эркек адам калып калган. Бүгүн, 23-декабрда Тоо кен куткаруу кызматынан 16 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, 20 шахта кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, маркумдун жансыз денесин алып чыгышты», — дейт маалымат катчы.