Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого активдүү катышууга чакырды.

Ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында тизмеден өзүнүн аты-жөнүн тактап, эгер ката табылса, БШКга арыз менен кайрылуу керектигин айтты. 29-декабрга чейин тизмеге алымча-кошумча киргизсе болот.

Шайлдабекованын маалыматында, Кыргызстандан сырткаркы өлкөлөрдө 39 миң жаран катталган. Орусиянын Москва шаарында шайлоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу дагы эки шайлоо участогу, Тюменде бир участок ачылды.

Чет жактарда жалпысынан 48 шайлоо участогу ачылды, анын 15и Орусияда.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.