Учурда Кыргызстанда 1 миң 915 мектеп кадимки тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, санэпидкөзөмөл борборунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин уруксаты менен бардык аймактарда мектептер кадимки тартипте окутууга өтүүдө.

«Анткени билим берүүнүн сапатын төмөндөтүп жибербешибиз керек. Алсак, Баткенде –237 мектеп, Ошто – 547, Чүйдө – 299, Ысык-Көлдө – 191, Таласта – 111, Нарында – 142, Жалал-Абадда – 333, Ош шарында – 55 мектеп реалдуу режимде окутууга өттү. Бишкекте 3-чейректен тарта эпидкырдаал туруктуу болсо, окуучулар окууга бара баштайт», – дейт ал.

Жусупбекова белгилегендей, өлкөдөгү ар бир мектепти санитардык каражаттар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 185 млн сом бөлүндү.

«Ошондой эле ЮНИСЕФ уюму жардам көрсөтүүдө», – деди билим берүү министринин орун басары.