Шашылбаңыз. Алгач ойдо жок нерселерди сатып алууга түрткү берген эң популярдуу манипуляцияларды окуп чыгыңыз. Жөнөкөй эле маркетинг амал-айласы сизди буга түрткү кылат.
Дүкөндөрдөгү арабалардын өлчөмүнө көңүл бурсаңыз – алар абдан чоң көлөмдө. АКШда жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, соода түйүндөрү өздөрүнүн арабаларын 100% га чоңойткондо, адамдар өздөрү байкабастан 20% га көбүрөөк сатып ала башташкан.
Соода борбору үчүн музыка – бул кардардын жүрүм-турумуна укмуштай таасир этүүчү нейромаркетинг куралы. Кардарлар үчүн бул жөн гана кулакка жагымдуу тректердин жыйнагы болсо, ал эми дүкөндүн жетекчилери жана кожоюну үчүн бул сатып алуучуларга таасир этүүчү ыкма. Соода борборунун музыкалык жабдылышы сатып алуулардан алаксытпай, аң-сезим деңгээлинде иштейт. Музыкалык коштоо сатууну 17% га көбөйтөт деген байкоонун жыйынтыктары бар.
Көпчүлүк соода борборлорунда саат да, терезе да жок. Бул адам убакытты ойлонбостон, шашпай, дүкөндө мүмкүн болушунча көп убакыт/акча коротушу үчүн жасалат. Казинолор да ушундай эле принцип боюнча иштейт, ал жерде да эч качан саат жана терезе коюлбайт.
Текчелердеги продукциялардын арасындагы боштуктар – аларды активдүү сатып алгандай таасир калтырат. Демек, мунун себеби ал продукт жогорку сапатта экен деп ой жүгүртүүгө түрткү кылат. Тескерисинче, ал продукт жакшы өтпөгөндүктөн, сатып алуучуларга дем берүү максатында, дүкөндүн кызматкерлери буюмдарды атайын ушундай жол менен жайгаштырышы мүмкүн.
Көптөгөн дүкөндөрдө «арык көрсөтүүчү» күзгүлөр бар. Аларды өтө эле узун формасынан билсе болот. Өзүбүздүн жакшынакай көрүнүшүбүздүн дагы бир айла-амалы – бул түстөр менен трюктар. Кийинип көрүүчү бөлмөдөгү күзгүдөн адам өзүнүн көрүнүшүн жактырса, 19% га көбүрөөк акча коротору байкалган.
Маркетологдордун дагы кандай айла-амалдарын билесиз?