Окуянын каарманы сөзүн минтип баштады: Үйлөнгөнүмө жыйырма жыл болду. Мына ошол үйлөнүү күнүмдү эскерүү үчүн жубайым менен бир ресторанда отурууну ниет кылдым. Ага бир жакшы белек тартуулагым келди. Анан оюмду жубайыма билдирип, ага: ушул жумада ресторанга барып отуруп келбейлиби, — дедим. Ал мага жагымдуу жылмайып: мени менен эмес, башка аял менен барып отурсаң жакшы болмок, — деди. Мен анчалык тушүнбөй туруп калсам, ал сөзүн улап: Сен менден артык көргөн, ал да сени жакшы көргөн бир аял бар, акыркы жолу аны качан тамакка чакырганың менин эсимде жок, ошол аялды чакырганың оң, — деди да, — сен апаң менен көптөн бери жолуга элексиң, менсиз, экөөң чогуу отуруп, тамактанып, маектешип келгиле, — деп кошумчалады.
Апама чалдым. Оюмду айтсам, апам байкуш ой, эмне болду, баларың тынчпы, аялыңа бирдеме болдубу деп суроо үстүнө суроо жаадырды. Көрсө, атамдын дүйнөдөн өткөнүнө он тогуз жыл болуптур, бул жылдары апамды эч ким ресторанга чакырбаса керек, тогуз ай көтөргөн карачечекей уулу мен чакырбасам, башка ким чакырмак эле. Турмуш тирилик деп жүрүп апамды чындап эле унутуп койгон экем…
Дем алыш күн болду. Апама барсам жакшына кийинип, мени күтүп турган экен, үстүнө атам дүйнөдөн өтөр жылы алып берген көйнөгүн кийип алыптыр. Мени көрөр замат баягы эле суроолорун жаадырды. Эч нерсе болбогун, жөн эле бир жолу чогуу отуруп, маектешкени чакырганымды айтып араң тынчтандырдым.
Апам жаш кезинде атам менен анча-мынча бара калчу жөнөкөй ашканалардын бирине бардык. Тамак ташыган кыздар таштап кеткен тамак тизмегине көз чаптырып отуруп, апама карасам, баракты көзүнө жакындатып, бирок көзү жетпей окуй албай жатыптыр. Келиңиз, сизге мен тандап берейин дедим. Апамдын көзүнө жаш айлана түштү. Сизге эмне болду деп, чоочуй түштүм. Апам:
— Кичинеңде сага тамакты мен тандап берет элем, эми сен мага тандап жатасың, — деди.
— Карызды кайтарчу учур келди да, апа, — деп тамашаламыш болдум.
— Сен мага телефон чалгандан бери кошуна-колоңдун баарына сүйүнчүлөдүм, алар эмнеге чакырганыңа кызыгып, күтүп жүрүшөт, — деди, көзүнөн ага баштаган жашын сүртүп.
Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп көпкө отурдук. Кетип баратып:
— Апа, мага ыраазы болуңуз, — деп машинага карай бассам, апам мени токтотуп:
— Балам, дагы бир күн ушул жерге келип отуралы, — деп калды. Мен:
— Жакшы болот, сиз каалап турсаңыз жок демек белем, — дедим. Апам:
— Бирок кийинкисинде тамактын акысын мен төлөйүн, сени мен чакырайын, — деди. Макулдугумду билдирип үйгө жеткирип койдум. Бирок апам экөөбүздүн бул убадабыз аткарылбай калды. Көп өтпөй апам ооруп, кайтыш болуп калды.
Күндөрдүн биринде бир кыз келип үйгө чакыруу таштап кетиптир. Карасам, бирде апам экөөбүз отурган кафеден экен, анда эки адамга акы төлөнгөнүн, келип тамактанып кетүүнү сураныптыр. Аялымды алып барсам, дал апам экөөбүз отурган столду даярдап коюшуптур. Отурар замат кыз колума жарым барак кагаз карматты. Окусам, апам жазган экен “Балам,экинчи жолу бул жерге келериме көзүм жетпей калды, пенсиямдан төлөп койдум, эми аялың менен келип отуруп кет” дептир жарыктык киши. Андан ары “Балам, баягы экөөбүзчогуу отурган күн менин жашоомдогу эң бактылуу күн экенин сен билбеген чыгарсың, балам мен сени сүйөмүн” деп жазыптыр.
Ошол катты окугандан кийин гана ата-энени баркын, сүйүү деген эмне экенин түшүндүм. Көрсө, биз эч качан ата-энени түшүнө албайт экенбиз, эч качан алардын биз үчүн соккон жүрөк үнүн уга албайт экенбиз…
Мына ушундай, урматтуу мусулман бир туугандар!
Кимдин ата-энеси тирүү болсо, алардын кадырына жетсин, өтүп кеткенден кийин башын ташка койгуласа да пайда жок.
Ата-энең сенин бейишиң же тозогуң экенин унутпаныз.
Интернет булактарынан алынды.