Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24.08.2007-жылдагы “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык каражаттарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү” жөнүндөгү токтомунун талаптарын аткаруу максатында Ош облусунун аймагында Жаңы жыл майрамынын алдында пиротехникалык каражаттарды алып келүү, алып чыгуу, сактоо, эсебин жүргүзүү жана анын сакталышы жана пайдалануусу боюнча бузууларга жол бербөө жана алдын алуу боюнча пиротехникалык заттарды сатуу менен алектенген сатуучуларга пиротехникалык каражаттарды сактоо эрежелери, өрт өчүрүүчү шаймандардын болуусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга 16 жашка толо элек жаш өспүрүмдөргө пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салына тургандыгы эскертилди.


Ошондой эле жарандардын коопсуздугун сактоо, пиротехникалык каражаттарды колдонууда жаракат алып калуусун алдын алуу максатында Ош ОИИБдин КККнын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана мугалимдери менен биргеликте мектеп окуучуларына пиротехникалык каражаттарды колдонбоо тууралуу сабактар өткөрүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы