Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек  Ташиев Райымбек Матраимов акчанын накталай жана мүлк түрүндө төлөп бүткөнүн айтты.

«Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектиси, 381/152 Ибраимовдарегинде жайгашкан, аянты 2533 кв.м болгон жер тилкесинде жайгашкан, 6900,8 чарчы метр жер аянты бар турак эмес жайларды (соода борбору) алдык. Бул мүлк ага толугу менен катталган»,- деди ал.

Ташиев айткан бул даректе «Эльдорадо» соода борбору жайгашкан. Мурда бул соода борбору Матраимовдорго карай турганы боюнча маселе талкуу жараткан.