УКМКнын төрагасы, генерал майор Камчыбек Ташиев 24-декабрда жыл жыйынтыгы катары өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Ыктыярчы чек арачыларга биз ыраазычылык билдиребиз. Ыраазычылык ирээтинде жана мотивация болсун деген ниетте аларга деген ыраазычылык каттарыбыз, сыйлоо баракчаларыбыз берилүүдө. Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери менен бир туугандык, кошуналык жакшы мамиледе болгондуктан, мындан кийин мындай коркутуу, атышуу болбойт. Өзгөчө чек ара кызматы УКМКга баш ийип калгандыктан, бул маселе эми биздин көз алдыбызда болот. Демек көз жаздымда калбайт” — деди.