Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин негизинде Улуттук маалыматтык-статистикалык комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) бааалар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа — керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

 2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн орточо чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына салыштырмалуу  республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 190,15 сомго же 4,3 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары   Ноокат  (бир тонна үчүн — 8 406,12 сом), Баткен (бир тонна үчүн — 8 068,94 сом) жана  Исфана (бир тонна үчүн — 7 797,44 сом) шаарларында катталды. Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн — 3 700,00 сом), Нарын шаарында (бир тонна  үчүн — 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн — 2 500 сом) болгону байкалды.

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баасы эң көп даражада Кербенде — тоннасы          1 917,00 сомго же 51,1 пайызга, Өзгөндө — тоннасы  1 371,27 сомго же 30,8 пайызга, Кара-Сууда —  тоннасы 500 сомго же 9,1 сомго жогорулады .

Ошондой эле айрым калктуу конуштарда анын баасы мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок жана мурдагы денгээлде калды.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында

көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

(бир тонна, сом)