Кыргызстандык Нурлан Сеиткуловдун үй-бүлөсү үйлөнүү тойго делген 400 миң сомдук каражатын муктаждарга таратты. Бул тууралуу алып баруучу Нурсултан Майназаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Достор, бүгүн Нурлан Сеиткулов байке менен Гүлнара эже кызына той бермек. Бирок тойдун ордуна балдары Баатыр менен Жанара, Ажара тойго кете турган 400 миң сомду 400 үй-бүлөгө таратууну чечти», — деп жазган.

Маалыматка ылайык, ар бири 1000 сомдук 400 азык-түлүк баштыкчасы даярдалып, аны муктаждарга таратууга «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун #Барбыз кыймылынын ыктыярчылары жардам берген.

Булак: Марал радиосу