Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлерине Чүй облусунун тургуну 40-45 жаштагы “Мурат” аттуу адам “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын таратып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Алынган маалымат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында жаран Д.Р. “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экендиги аныкталып, диний экстремисттик уюмунун идеологиясын таратып жаткандыгы такталды.
Жаран Д.Р. ϴзбекистан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына келип, жасалма паспорт менен жашап жүргөн. Ал Өзбекстан Республикасында 1995-жылы адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн.
2020-жылы 23-декабрь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан 43 жаштагы Д.Р. кармашты. Ал 2015-жылдан бери “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн бири катары эл аралык издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы