Жаңы жылдан тарта өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, жергиликтүү бийликтердин уруксаты менен Кыргызстан ичиндеги бала бакчаларды ачуу пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

«Эгер жергиликтүү бийлик уруксат берсе, анда жаңы жылдан кийин бала бакчалар кадимки тартипте иштей баштайт. Баары ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша болот», — деди Жусупбекова.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 362 бакча кадимки тартипте иштеп жатат.