Буга чейинки беш президенттин биринин дагы саясий эрки болгон эмес. Эң негизгиси президенттикке талапкерлердин эрки күчтүү болушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү ЖМКга маек берип жатып билдирди.

“Биз президенттердин акылдуусун да, илимпозун да, өндүрүштө иштегенин да, мультимиллионерин да, демократын да жана момунун да көрдүк”, – дейт ал.

“Эми биз жаңылышпай, өткөндөн сабак алып, туура тандоо жасашыбыз керек”, – деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо штабын жетектейт.