Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы мурда аныкталган тутумдук экономикалык контрабанда фактысынын алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын АБЖО (алдын-ала бажы жол-жоболорунун орду) Достуктун кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Достук бажы посту аркылуу товарларды контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактылары аныкталган.

“Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда, контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Кыргызтудей сайты