Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы 140 орундуу бала бакчаны кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому аркылуу 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча 0,74 га жер аянты менен «Жүзүм-Шарап» акционердик коомуна менчиктештирилгендигин райондук прокуратура аныктаган.

Аталган мыйзамсыз токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн буйругу кошумча кабыл алынып, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

Белгилей кетсек, 140 орундуу бала бакчанын базар баасы 15 млн 662 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылып, анда жогоруда белгиленген социалдык багыттагы объектини менчиктештирүү туурасында кабыл алынган бардык чечимдерди жокко чыгарууну демилгелеген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толук көлөмүндө канааттандырылып, менчиктештирүү жөнүндөгү чечимдер жараксыз деп табылып бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылган.