Бишкек шаарынын Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду, деп билдирди күбө.

Анын айтымында, жеңил унаа менен №100 кичи автобус кагышкан. Кырсык эртең мененки саат 9:30да болгон.

Натыйжада Honda Fit автоунаасынын айдоочусу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.