2020 (жыйырма, жыйырма)
2020 – катар эки нөл болуп,
Адамзаттын көрбөгөнү көр болуп,
Таандай каптап таажы вирус тумоосу
Талып калдык, табият бүт чөл болуп!
Компьютериң кээде талып калгандай,
Континенттер – калың эл көп, ар кандай.
Карантүн бүт каптап калып жер жүзүн
Карантинде жатты баары арданбай.
Канча жакшы адамдарды жоготтук?
Карантинге чыдап, бир жыл короттук!
2020 – катаал, кара жыл болдуң,
Карантиниң ала кет да болот, чык!
2020 – эки катар нөл болгон,
Жакшы баргын, калбайлы биз нөл бойдон!
21 – бул болсун “очко”, утуш жыл,
Жылдан болсун баары май, сүт көл болгон!
2020 жылда жаман так калды,
Жамандыкты эми сенде таштайлы!
Кел уй жылы, баарыбызды кубантчы,
Жаңы жылда баарын жаңы баштайлы!
24.12.2020.
Жедигер СААЛАЙ