Күндөрдүн биринде капаланган кызы атасынын алдына келип, мындай дейт:
— Атаке, мен баардык нерседен ушунчалык тажадым, чарчап да бүттүм. Жумушумдагы көйгөйлөр, турмуш куруу маселеси, кыскасы күрөшүүгө күчүм калбады… Эмне кылсам, кеңеш бериңизчи?!
Анда атасы:
— Мен сага сөз менен айткандан көрө, бир нерсени көрсөтөйүн, — дейт.
Атасы мештин (плита) үстүнө үч казанды коюп, ар бирине сабиз, жумуртка жана кофени өз-өзүнчө салып, суу куюп коет. Бир аздан соң казандар кайнап чыккан соң, мешти өчүрүп, кызына кайрылат:
— Эмне болду?
— Сабиз менен жумуртка бышып,ал эми кофе сууга сиңип кетти.
— Туура байкадың, бирок бул үстүрктөн гана байкаган адамга ушундай көрүнөт. Чындыгында каттуу болгон сабиз жумшарганын жана туруксуз болуп калганын байкайсың. Ал эми назик жана жумшак болгон жумуртка тескерисинче каттуу болуп, чыңалган. Экөөнүн тең сырткы келбети өзгөргөн жок, бирок сырткы душмандуу абалдын (кайнак суунун) таасиринен ички абалы өзгөрдү. Адамдар да ушул сымал болот, кээ бири каттуу көрүнгөн менен бир аз сыноо келсе эле маанайы суздашып, өзүн таштап жиберет. Экинчилери болсо жумшак жана эрксиз көрүнгөн менен, кандайдыр бир көйгөйгө сабырдуулук жана аракет аркылуу жооп берет. Канчалык кыйынчылык абал күчөгөн сайын, ошончолук чыңала берет.
— Бул эки абал түшүнүктүү, а бирок кофечи? — деп кызы таң кала суроо узатат.
— Кофе?? Ал өзүнчө эле керемет да. Кофе өзүнө каршылаш болгон абалга сиңип, жадагалса ошол абалды өзгөрткөнгө үлгүрдү. Кайнап турган сууну жыты буркураган даамдуу ичимдикке айлантканга жетишти. Адамдардын кээ бирин сырткы таасир өзгөртө албайт, тескерисинче алар ошол сырткы таасирди да өзгөртүүгө жетишет. Бир гана өзгөртпөстөн, ал сыноодон өзүнө пайдалуу нерсени үйрөнгөнгө да аракет кылышат.
Ушул үчөөнүн кайсынысы болооруну — ар бир адам өзү тандайт!
Интернет булактарынан алынды.